Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин киреше, чыгашалары жана ошондой эле мамлекеттик мүлктөрү боюнча Бирдиктүү салык декларациясын жарыялады.
Берилген маалымат боюнча мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 350 миң сомго бааланган зергер буюмдары бар. Ошондой эле анын турак үйү жана батири бар экени жазылган.
Өткөн жылы ал 852 186 сом киреше тапкан.
Эскерте кетсек, Жолдубаева 13-апрелде кызматтан кеткен. “Ата Мекен” жана “Республика – Ата-Журт” фракциялары башкы прокурордун отчетун кароо ишине ооруп калганын себеп кылып келбей койгону үчүн ишеним көрсөткөн эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ