Стамбул шаарында кечээ, 13-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинин ишине катышты.
Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммити Түркия Республикасынын демилгеси боюнча Иерусалим шаарынын макамы маселеси боюнча түзүлгөн кырдаалга байланыштуу чакырылган. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов да бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ