Menu

Жүрөк тилген автордук берүүлөр жок

Бөлүшүү:

Мындан кыйла жыл мурун теле каналдардын техникалык базасы начар кезде адамды кайдыгер калтырбаган автордук теле көрсөтүүлөр көрарманга тартууланчу эле. Маселен, маркум Болот Макетаевдин “Тагдыр” автордук берүүсү далай тескери жааттагы маселени оңго келтиргенин көргөнбүз. Оор камераларды ийинге салып, жөө-жалаң айылдарды түрө кыдырып көйгөйлүү турмушту келиштире тарткан Бокемин шакирти калбаптыр артында. Эгерде анын тажрыйбасын алган бирөө-жарым болгондо ошол көрсөтүү башкача нукта болсо да улантылмак, атаганат! Болбогон маянага иштеген мекенчил журналисттер гана кайсы каналдын болсо да ажаатын ача алат.

Бүгүнкү күндө элдин жүрөгүн титиреткен чыныгы автордук көрсөтүүлөр жокко эсе. Көбүнчө оюн-зоок берүүлөрдөн эл жадап кетти. Кайдагы бир жеңил-желпи көрсөтүүлөр менен чектелип калышканын ыкшоолуктан деп койсок болот. Оңой оокатты аңдып калган жерде анчалык өтүмдүү көрсөтүүлөр берилбейт. Жаңыдан биринчи кыргыз каналына барган Жайнак Үсөн уулунун дымагы канчалык экенин жакын арада билүүгө болот. Жарым жылда түйшөлткөн маселелерди чукуп чыккан, таасирдүү берүүлөрдү ишке ашыра албаса анда мокок деп сыпаттасак болот да? Эмнеси болсо да өлкөнүн башкы каналы автордук долбоорлорду ийге келтириши мезгилдин талабы. Чоң “дивизиянын” чыгармачыл эмгек жамаатында балта, чоту колунда даяр турган оперативдүү, өзгөчө таланты бар журналисттер бар экенине деле ишеним бар. Болгону ошолорду өнтөлөп карап, керек болсо айлыгын, гонорарын өйдөлөтүп жетекчи кеамкордук көрүүсү кажет. Антип иштин кызыкчылыгы үчүн жанын карч уруп үрөбөсө жалаң ашка жүк, башка жүк кадрлар ортодо ылымтык болуп жүрө берет. Көзгө басар каналдын башкалардан артыкчылыгы болбосо анда зор “армиясынын” абройу ылдый түшөт. Негизи көрармандар аттиң ушул берүүдөн моокумум канды дегендей абалга жеткенде гана теле каналдын зоболосу артат.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: