Menu

Орусияда Өзбекстанда издөөдө жүргөн укук коргоочу активист соттолду

Бөлүшүү:

Москвада башпаанек сурап жашап жүргөн өзбекстандык укук коргоочу активист Орусияда тыюу салынган ислам кыймылынын уячасын жетектөөгө күнөөлүү деп табылып, 16-жылга соттолду.

Өзбекстандын Бухара облусунда туулуп-өскөн 28 жаштагы Рахмиддин Камоловго карата өкүмдү Москва аймактык соту 17-декабрда чыгарды. Ал Орусияда кармалганга чейин кеңсеси Москвада жайгашкан «Помощь — Ёрдам» уюмунда укук коргоо ишмердүүлүгү менен алектенип келген.

Адвокаттын айтымында, Камолов 2015-жылы жолугушууларды уюштуруп, анын катышуучуларын «Хизб ут-Тахрир» кыймылынын катарына кошулууга үндөгөн деп айыпталууда. Сотто Рахмиддиндин аталган кыймылга тиешеси бар экендиги далилденген жок деп эсептеген адвокат бул чечим боюнча жогорку баскычка даттанууга ниеттенип жатат. Анын айтымында, бул иш боюнча Борбор Азиядан барган дагы бир канча адам жана бир Орусия жараны да кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Камолов мекенинде «Өзбександын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу» жана «Тыюу салынган диний уюмдарга мүчө болуу» беренелери боюнча айыпталып, ага издөө жарыяланган.

Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Орусияда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюму тынч мүнөздөгү ишмердүүлүк менен алектенерин билдирип келет. Бул эл аралык саясий уюмдун максаты катары мусулман өлкөлөрүн глобалдык халифаттын туусу алдында бириктирүү жана шариаттын мыйзамдарын киргизүү аталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: