Menu

Башкы прокуратура: Алмазбек Атамбаевдин жансакчысына экс-президентти кармоо боюнча операция болору эскертилген

Бөлүшүү:

УКМКнын 9-башкармалыгын мурдагы кызматкери, Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевге экс-президентти укук коргоо органдары үйүнөн мажбурлап алып келиши мүмкүн экендиги алдын ала эскертилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызмат кечээ, 20-декабрда билдирди.

Кечээ, 20-декабрь күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуя тууралуу  ачык билдирүү тараткан.

Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде Курсан Асановго козголгон кылмыш ишин Аскер прокуратурасы тергеп жатат. Өндүрүштүн алкагында ИИМдин жана УКМКнын жетекчиликтеринин Кой-Таш окуясындагы операциянын ишке ашыруудагы алардын аракеттери текшерилип, юридикалык баа берилмекчи.

Башпрокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Канат Сагымбаевдин УКМКнын төрагасы О.Опумбаевдин аракеттерине байланыштуу билдирүүсү каралып иштин алкагында текшерүү жана тактоо үчүн аскер прокуратурага жөнөтүлдү.

Канат Сагымбаев билдирүүсүндө Атамбаевди кармоо боюнча операция болору тууралуу ага эч ким эскертүү бербегенин билдирип, Кой-Таш окуясы учурунда ал өз милдетин так аткарганын кошумчалаган.

“Мындагы К.Сагымбаев укук коргоо органдары тарабынан Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып кетиши ыктымал деген билдирүү айтылган эмес деген аргументтери чындыкка дал келбейт. Муну менен ал коомчулукту адаштырып жатат” – деп билдирет башкы прокуратура.

Буга байланыштуу төмөндө документтер берилет:

Булак: «KyrgyzToday»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: