Жогорку Кеңештин экс-спикери, Чыныбай Турсунбеков 21-декабрда, парламенттин кезектеги отурумунда биринчи жолу батынып, бийликти сындап сүйлөдү.
“Ар кандай меселелер” учурунда айтайын деп турсам, аны да алып салдыңар. Кийинки кездерде коомчулукта чоң резонанс жараткан, суукка карабай элди митингдерге чыгарган орчундуу мыйзамдарды элдин пикирин эске албастан, парламентте талкуулабай туруп эле кабыл алып коюу адатка айланды”, – деп билдирди Чыныбай Турсунбеков.
“Коомчулуктун бүйүрүн кызытка мыйзамдарды талкуулабай эле ураа-урраа менен кабыл алып коёбуз деген бул өтө чоң уят иш. Бийлик депутаттардын колун толгоп, бийликтин үч бутагы ураалап колдоп жайында эле кабыл алдырган мыйзам минтип иштебей. кайра токтотууга келди ( Сүйүнчү пул менен балдардын жөлөк пулу тууралу мыйзам). Эмне үчүн ушул маселелерди биз ачык талкуулай албайбыз Жогорку Кеңеште? Жогорку Кеңеш жөн эле мыйзамдарга кол коюп, печать басып берген нотраиалдык конторага айланды”, – деди Чыныбай Турсунбеков.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ