Кечээ, 24-декабрдын кечинде Бишкектин ресторандарынын биринде КТРКнын жаңы жылдык кечеси болуп өтүп, анда келе жаткан майрамды тосушуптур. Бирок түндөн баштап азырга чейин КТРКчылар жайнатып жарыялап жаткан сүрөттөрдө кеченин эң башкы каарманы 1939-1945- жылдардагы фашисттик рейхтин баш кесерлеринин формасын кийген КТРКнын алып баруучусу Канат Абазбеков болуптур.
Кыязы КТРКнын баш мүдүрү Илим Карыпбеков фашисттик идеология, фашисттик символдор 1945-жылдан бери дүйнө боюнча тыюу салынганын билбейт окшойт. Мамлекеттик бюджеттин жана административдик ресурстун күчүнөн улам бүт республикага сигналдары тараган КТРКнын кызматкерлеринин арасында кандай идеология жана символдор пропагандаланып жатканын билген ыраматылык Гитлер да жаткан жеринен бир оодарылып алса керек.
Же муну Илим Карыпбеков Гитлердин “сөөгүн бир агартайын”деп атайын жасаганыбы?
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ