2017-жылдын 22-декабрь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Кошой айылынын 75 жаштагы К.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 21-декабрда түнкү саат ондор чамасында белгисиз адамдар анын бир баш коюн уурдап кеткенин билдирген. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган окуя боюнча Чүй районунун ИИБнүн кызматкерелери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыштын изи сууй электе жогорудагы уурулукка шектүү катары Чүй районунун 38 жаштагы Т.З. аттуу тургуну кармалган. Шектүүгө карата Чүй РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ