24-июнда Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Кризистерди жөнгө салуу боюнча Жогорку комитетинин Расмий өкүлү Лолва бинт Рашид Аль-Хатер айымдын жана Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын катышуусундагы видеоконференцияга катышты.
Аталган иш-чара Катар Мамлекетинин COVID-19 коронавирусунун жайылышын алдын алуу боюнча аракеттерине байланыштуу окуяларга арналган. Кризистерди жөнгө салуу боюнча Жогорку комитетинин Расмий өкүлү Лолва бинт Рашид Аль-Хатер айым Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн бул багытта көрүлүп жаткан акыркы аракеттери жана чаралары, ошондой эле коронавирус пандемиясына байланыштуу Катар Мамлекетинде киргизилген чектөөлөрдү алуу шарттарындагы иштөө тартиби жөнүндө маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө дипломатиялык өкүлчүлүктүктөрдүн башчылары Катар Мамлекетинин жетекчилигинин коронавирус пандемиясы учурунда өлкөдөгү баардык жарандарга жана тургундарга көрсөткөн колдоо жана жардамдарына терең баа беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ