Menu

Эки укук коргоочу душманбы?

Бөлүшүү:

Бейшенбек Бекешов, журналист:

  • Бул экөөндө жүрөк да, уят да жок. Буларга кыргыз элинин, мамлекеттин, ал турсун адамдын деле кызыкчылыгы бир тыйын. Кимден көбүрөөк акча чыкса ошону коргоп кете берет. Биз да бир нече жолу бийликтин куугунтугуна калып, кайрылганбыз жардам сурап. Эптеп көз көрсөттү аты кылып келип коюп, ошол бойдон куйругун карматпай жоголушкан. Ошондуктан чындап укугу бузулгандардын эч кимиси аларга кайрылбайт жана кайрылса да пайда жок. Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө 1700 киши “экстремизм” деген кылмыш беренеси менен мыйзамсыз камалып жатат. Бул экөө ошолорду эмнеге коргобойт? Себеби ал карапайым шордууларды коргоо үчүн эч ким грант бербейт. Алардын итке минген үй-бүлөлөрү да булар каалаган акчаны төлөй албайт. Ошондуктан алар күн тийген жердин гана күкүгү болуп жүрөт. Бирөө акча берсе бул экөө бүт кыргызды деле дүңүнөн сатуудан кайра тартпайт деп ойлойм. Бирок ошентип жыйган арам байлыктын жакшылыгы, берекеси болмок беле. Кандай келсе ошондой чыгып кетет. Өздөрү эле эмес, урук-тукуму да жарыбайт булардын.

 Абдишарип Бекилов, мамлекеттик кызматкер:

  • Эл душмандарына өздөрүнө ылайыктуу жооп бериши керек, аларды Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратып, мамлекеттен депортация кылуу боюнча айтылып жаткан пикирлерге толук кошуламын. Элине, мамлекетине чыккынчылык кылган адамдардан жакшылык күтүүгө болбойт.

 Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат:

  • Бул эки укук коргоочу айым Кадыржан Батыровдун жанына өзүлөрү барып олтуруп алган жок, ал жердеги процедура ошондой. Убактылары менен сүйлөөчүлөр улам барып олтуруп турат. Сүйлөп бүткөндөр туруп,  кийинки сүйлөөчүлөргө орун  бошотуп берет. Ошондуктан атайын отуруп алды дебеш керек. Сүйлөп  жатканда сөзүн бөлгөнгө да болбойт эле. Анда сүйлөбөй калат эле.  Ал эми  Карабаева болсо өз сөзүн сүйлөп бүткөндөн кийин чыкты көрүнөт.  Биз чет мамлекетте сүйлөп жүргөн, эл аралык конференцияга катышып жүргөн жаран катары реалдуу нерсени айтып коюшубуз керек.

Кубатбек Кожоналиев, генерал:

  • Биздин тарыхта ар кандай окуялар болгон, бирок белгилеп кете турган нерсе, ал окуялардын бардыгына эртели-кечтир тарых менен эл өз баасын беришкен. ММКда талкууланып жаткан жана башка окуяларга, менин жеке пикиримде, биринчиден болуп укуктук баа берилиши мүмкүн, анткени биздин мамлекет укуктуу мамлекет экени Конституциясында жарыяланган. Укук таануучулар, юристтер: укук коргоочулар, жактоочу адвокаттар, опер кызматкерлер ж.б.у.с. кесиптеги адамдар өз ишинде ар кандай адамдар менен иштешет, жолугат, мамилешет – мындай аракеттер алардын укугуна, кызмат милдеттерине кирет. Эгер ошолордун баарына терс баа бере турган болсок, анда ал кесиптеги  адам  калбайт эле? Ошондуктан мыйзам боюнча кылмыш кылдың, күнөөлүүсүң деп бир гана сот аныктай алат. Соттун өкүмүсүз тигиндей же мындай деп айтуу же жарыялоонун  өзү туура эмес. Ошондуктан ал эки айымдын ишине тиешеси бар адамдар гана баа бере алат.

Руслан Бекназаров, жаш активист:

  • Чынын айтканда көз карандысыз укук коргоочулардын ишине баа берүү кыйыныраак. Булардын ишинде мамлекеттүүлүк, мамлекеттин намысы, мамлекеттин кадыры, мамлекеттин бүтүндүгү ж.б. ушуга окшогон принципиалдуулук жок. Эгер алардын үстүнөн иш козголуп, жоопкерчиликке тартуу маселеси карала турган болсо “өз кожоюндары” дароо эл аралык деңгээлде коргоп киришет. Же ал өлкөдөн чыгып качкын аталып, эч бир кайгыруусуз башка өлкөнүн жарандыгына өтүп кете берет. Жана ал жакта өз ишин уланта беришет. Ошол себептен бул иште  кандайдыр  бир жаңылыкты деле көргөнүм жок.
  • Искендер Шаршеев, экономикалык серепчи:
  • Мен биринчи көргөндө булар мамлекетине чыккынчы болгонбу деген ой кеткен. Андан кийин кызыгып тактап көрсөм алар чакыруу боюнча барып, жалпы программа менен гана таанышып, өз сөзүн сүйлөгөнгө гана укук берилет экен. Укук коргоочунун жумушу ушул экен,  ал кандай адам болбосун, керек болсо шайтан болсо дагы анын сөзүн уга билиши керек экен. Күнөөлүү адамдын деле биринчи сөзүн угуш керек го. Кадыров жөнүндө биздин сот чечим чыгарганы менен далилдерди эл аралык сотторго бере алган жок. Эгер далилдерди берсе  жана алар ал далилге ишенсе анан тиешелүү чара көрүлмөк. Эл аралык сот менен биздин соттор  кызматташпаган үчүн көптөгөн чыккынчылар качып кетип жатышат.  Ар бир укук коргоочуну чыккынчы дей турган болсок, анда ар бир жактоочуну да чыккынчы дегенге туура келет.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: