Menu

Абдрахман Маматалиев Транспорт министри кызматына жеткени калды

Бөлүшүү:

Экс-депутат, экс-вице-премьер Абдрахман Маматалиев  500 миң доллардык паранын ызы-чуусунан кийин Транспорт министри кызматынан кеткен Жамшитбек Калиловдун бошоп калган ордун басып жыгылуу үчүн чуркап жүргөнү белгилүү болду. Биздин жеке булактардын билдирүүсүнө караганда Абдрахман Маматалиев кадрдык чечимдерди кабыл алган борборлордун колдоосун алып, президенттин гана чечимин күтүп турат.

Айтылуу Алайдын кулуну, 61 жаштагы Абдрахман Маматалиев тууралу эмнелер белгилүү:

1999-2000-жылдары Баткен районунун акими болуп туруп, тоо ашып Баткенге кирип келген моджахеддерге колго түшүп калып, барымтадан акчага чыгарылган.

2004-2005-жылдары ал кезде курулуп жаткан Бишкек-Ош жолу боюнча  башкы дирекциянын директору Нурлан Сулайманов аны өзүнө директордун орун басары кылып кызматка алган.

2005-жылы ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин сүрөмөсү менен КР Транспорт министри болуп шайланган Нурлан Сулайманов Маматалиевди министрликке аппарат жетекчи кылып дайындаган.

2008-жылы КР Транспорт министри Нурлан Сулайманов Абдрахман Маматалиевди өзүнө орун басар кылып алган.

2010-жылы “Ар-намыс” саясый партиясынын тизмеси менен КР Жогорку Кеңешине депутат болуп келген. Бирок атамбаевчилерге кошулуп, “Ар-намыс” фракциясын ичинен иритүүгө аралашып, депутат Камила Талиева экөөсү бийликтин колдоосу менен вице-премьерлик кызматка умтулушкан.

2012-жылы премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен тил табышып, уулу Марлен Маматалиевди өкмөттүн аппаратына кызматка киргизген.

2014-жылы 4-апрелде Жоомарт Оторбаев жетектеген өкмөттө “Ар-намыс” фракциясынын квотасы жана Атамбаевдин колдоосу менен вице-премьерлик кызматка жетип, бир жылдан кийин отставкага кеткен.

2015-жылы Өмүрбек Бабанов менен тил табышып, уулу Марлен Маматалиевди парламенттик шайлоодо “Республика-Ата-Журт” партиясынын тизмесине киргизген.

2018-жылы мартта уулу Марлен Маматалиев “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты болуп келет.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: