Menu

Астанада өзүн өрттөгөн аял каза болду

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Башкы прокуратуранын Астанадагы имаратынын алдында өзүн өрттөгөн Майра Рысманова ооруканада көз жумду. Бул тууралуу анын кызы Акмарал Ахметова билдирди. Астананын саламаттыкты сактоо башкармалыгы аялдын каза болгонун ырастады.

Жамбыл облусундагы Шу шаарынын 48 жаштагы тургуну Майра Рысманова Башкы прокуратура имаратынын кире беришинде өзүн өрттөгөндөн кийин, денесиндеги күйүктөрү менен ооруканага 6-декабрда жеткирилген. Башкы прокуратура Рысманова 28 жаштагы уулуна карата чыгарылган өкүмгө каршы чыгып, өзүнө өрт койгонун билдирген.

7-декабрда Казакстандын башкы прокурору Жакип Асанов Рысманованын өзүн өзү өрттөөсүн «жаман окуя» деп атап, аны «жеке өзү териштирерин» убадалаган.

2015-жылдын июнунда Майра Рысманованын уулу маңзатын сактаган деген айып менен райондук сот тарабынан төрт жарым жылга соттолгон. 20-августта Жамбыл облустук сотунун апелляциялык инстанциясы жактоочунун даттануусун канааттандырган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: