Menu

Эмилбек Момунов, журналист: “УКМК президенттин гана көзөмөлүндө болуш керек”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?

– Азыр Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук коопсуздук кызматын көзөмөлгө алуу демилгесин көтөрүшүүдө. Эгер алардын логикасына ишенсек, бул орган кээде ыйгарым укуктарынан аша чаап кетип атыптыр. Мисалы, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшкөндүгүн ашыкча деп атышат.

Бирок, Конституцияга ылайык, УКМК жана башка күч органдары президентке, башкы командачыга гана баш ийет жана жетекчилери мамлекет башчы тарабынан дайындалат. Ошондуктан УКМК өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу президентке гана отчет берип, көзөмөлгө алыныш керек. Ал эми экономикалык кылмыштуулук сыяктуу чарбалык иштерге аралашкандыгы мыйзам тарабынан чектелүүгө тийиш. Экинчиден, өздөрү ар кандай бурмалоолор менен шайланган жана ар кайсы партиянын өкүлү болуп саналган депутаттар жеке кызыкчылыгын ойлобойт же партиянын камчысын чаппайт деп ким кепилдик берет? Президентти болсо жалпы эл шайлаган жана ал толук бойдон күч органдарын көзөмөлдөш керек. Албетте, учурдагы УКМКнын айрым улуттук коопсуздуктан четтеп кеткен жана акчага азгырылган функцияларын жөнгө салуу зарылдыр. Мындан тышкары Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын да өзүнчө түздөн-түз президентке баш ийген орган кылып түзүү туура болмок.

Булак: “Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: