Бишкек шаардык соту уюшкан кылмыштуу тобунун лидери Камчы Көлбаевге карата баш коргоо чарасын карашы керек болчу.
Маалыматка ылайык, айыпталуучу сот отурумуна киргизилген жок.
Адвокаттар арызын кайтарып алышканы белгилүү болду. Камчы Көлбаев УКМКнын СИЗОсунда камакта калат.
Эске салсак, Камчы Көлбаев 21-октябрда кармалган. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу” беренеси боюнча шектүү деп билдирүү берилген. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен криминалдык авторитет тергөө аяктаганга чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ