Menu

Собчак Навальныйды шайлоодо ишенимдүү өкүлү болууга чакырды

Бөлүшүү:

Тележурналист Ксения Собчак саясатчы Алексей Навальныйдын президенттик шайлоого катыштырылбай жатканын “адилетсиздик жана бийликтин кезектеги катасы” деп атады. Ошол эле маалда ал оппозициячынын шайлоого бойкот жарыялоо чакырыгын колдогон жок.

Собчак Навальныйдын 2011-жылдагы бойкот пайда алып келбей турганын, тескерисинче президент Владимир Путиндин добуштарынын пайызын жогорулатарын айтканын эске салды.

“Мен Алексейге [Навальныйга] азыр кыйын экенин түшүнүп турам, бирок жалпы иш манилүү”, – деп жазган Собчак Инстаграмга. Ал Орусиядагы демократиялык оппозициялык күчтөрдү биригүүгө чакырып, эгер талапкер катары каттоодон өтсө, Навальныйды ишенимдүү өкүлү болууга сунуштады.

Алексей Навальный “Бирдиктүү Орусияга” каршы кайсы гана партияга болбосун добуш берүү керек деген алты жыл мурдагы позициясынан баш тартты. Азыр ал башкаларга добуш берүү – Путинге добуш берүүгө барабар деген пикирде.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 25-декабрда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын талапкерлигин каттоодон баш тарткан. Дүйшөмбүдө жыйынга чогулган комиссия мүчөлөрү бул чечимди активисттин буга чейин шарттуу соттолгону менен түшүндүрүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: