2017-жылдын 30-сентябрь күнү Кочкор РИИБне Кочкор районунун тургундары арыз менен кайрылышкан. Себеби, жайыттан 7 баш жылкыларын белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма Сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы фактылар боюнча Кочкор РИИБнин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жогорудагы кылмышка шектүү катары Кочкор районунун Көк-Жар айылынын 21 жаштагы Т. К. аттуу тургуну кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Кочкор РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ