“Кыргыздын маданияты араб маданиятына караганда алда канча тарыхы узун, байыркы маданият болушу мүмкүн. Ошондуктан ислам дини менен араб маданиятын чаташтырбагыла”, – деп билдирди кечээ, 12-июлда Алмаз Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.
“Албетте башка маданиятты сыйлаш керек , бирок өлкөнүн келечегин күчтүү жана билимдүү коом гана өзгөртө алат. Мухамед пайгамбар өзү айткан: “жарым саат илим менен алпурушуу бул түнү бою намазга жыгылган менен барабар” деп. Чекеңер жарылгынча эле намазга жыгыла бербей билим алгыла. Билим гана силерге ислам дини менен араб маданиятын айрып билүүгө жардам берет”, – деди Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ