15-октябрга белгиленген шайлоого карай аттангандардын саны арбыган сайын жеңиштин туусун багындыруу оорлой баштаганы ачыкка чыгууда. Себеби, так талашкан талапкерлердин катары көбөйгөн сайын элдин добуштары майдалана берет. Демек, мындай шартта биригүү ар бири үчүн оңтойлуу, ушундай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келбеген Т.Сариев менен Б.Төрөбаев тандем түзүүгө бел байлоонун босогосунда турганы каңкууланууда. Чечкиндүү кадам менен эки баатыр эки региондун добушун бириктирүүгө аракет көрүп жаткан окшойт. Бирок, биригүүнүн опурталдуу да жагы бар, Бакиев Куловду же Бабанов Ташиевди талаага таштагандай, эшеги ылайдан өтөрү менен бири экинчисин «кидайт» этиши ыктымал. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Сариев бал тилге салып, Төрөбаевдин кулагын ушалап, премьерлик же спикерликке көндүрүүдө. Мындай тандемден кимиси утуп, кимиси утулушу ыктымал. Неси болсо да күтө туралык…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ