Якутиянын Нерюнгринский районунун Иенгра айылында түнкү клубда бир зөөкүрдөн таяк жеген аял эртеси ал жараларын медициналык кароодон өткөрүп, документтештиргени травматологиялык пунктка барса, аны сабаган адам ошол оорукананын башкы врачы болуп чыгат. Аялдын арызданганы жатканын сезген врач пациентти кайра сабап салат. Азыр Якутиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул окуяны иликтөөдө жана врачты жумушунан кетирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ