Menu

Кеңешбек Дүйшөбаев, генерал-лейтенант: “Атамбаевдин колунан келсе, мени эчак эле камамак”

Бөлүшүү:

Биз бул сапар Убактылуу өкмөттүн тушунда айтылуу айбаты катуу атайын кызматты башкарган Кеңешбек агабызга суроо салып, генерал-лейтенанттын да өз чындыгын коомчулукка тартуулаганга мүмкүнчүлүк бердик.

– Кеңешбек мырза, Алмазбек Шаршенович сиз баштаган Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөлөрүнө карата катуу сыпаттама берип, баарыңардын жүзүңөрдү ачып, агынан жарылбадыбы? Ошондон тарта баардык “убактылууларга”, айрыкча Эмилбек Каптагаев экөөңөр Ысык-Көлдөгү “Витязь” пансионатын жакындарыңарга каттатып алганыңар айтылууда. Анан калса, УКМКны жетектеп турганыңызда мас абалда өздүк автоунааңыз менен адам өмүрүн алган кырсыкка кириптер болгондугуңузду бийликтин күчүнө салып жаап-жашырып койдуңуз беле?

– 31-августтагы улуу майрамыбызда мамлекет башчысы эмне деп сүйлөгөнүн бүтүндөй кыргыз журту эмес, дүйнө эли укту. Мен ойлойм, ал майрамда Алмазбек Атамбаев сен атагандай агынан эмес, “карасынан” жарылды. Анткени Атамбаевдин айткандарынын баары чындык болуп, ал алты жылдан бери айтылбай жүрүп, акыры ошол күнү аргасыздан чындык айтылса, анда ошону “агынан жарылды” десек болмок эле. Анан эле карандай калп нерселерди айтканы жарабайт да. Албетте, президенттин ал күндөгү сүйлөгөн сөзү майрамдык маанайда айтыла турган сөз эмес болчу. Андан бери бул жөнүндө абдан көп ой-пикирлер айтылды. Анын баарын кайра баштан кайталагым келбейт. Мен бир нерсени баса белгилеп коеюн, Атамбаевдин андагы айткан пикирлерине карата айтылган сындардын баары туура айтылып жатат. Ал эми менин дарегиме карата бийликчил маалымат каражаттарында жазылып жаткан ошол эле Ысык-Көлдөгү “Витязь” пансионаты жана жеке өзүмдү ичкилик ичип алып, автоунаасы менен адам өлтүрүп алган деген кептерди жазып жатышпайбы? Мындай кептердин баардыгы сандырактаган былжырак сөздөр. Мен таңгалам, мага карата мындай кептерди Атамбаевдин өзү чыгарып жатабы же жанындагы балдары чыгарып жатабы, билбейм. Кимиси чыгарса да алардын “чыгармачылыгы” астында таратылып жаткан андай жел сөздөр тек гана былжырак кептер дээр элем. Ачык айтканда, “Витязь” пансионаты Ысык-Көлдүн кайсы жеринде жайгашкандыгын да толук билбейт экем. Эгер ошол пансионатты мен туугандарым менен чындап эле басып алган болсом, эчак иш козгоп, басып алган кишилердин баардыгын камап, соттоп туруп, анан далилдерин айтышпайбы? Ал эми берки жол кырсыгы боюнча, мына өзүң деле билесиң, мен таптакыр ичкилик ичпейм. Анан калса, мен УКМКны жетектеп турганымда рулга дагы өзүм отурчу эмесмин. Андыктан, бийликтин мага карата чыгарган чындыкка дал келбеген сандырактаган кептерине териккен деле жокмун. Азырынча ойлоруна келгендерин сүйлөй беришсин. Керек болсо текшеришсин, андан соң бардык жагдайларга туура баа берилсе, андан аркысын дагы көрө жатарбыз. Мендеги соңку маалыматтарга караганда, бийликтеги чоңдор тарабынан укук коргоо, күч органдарына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, алардын балдарына, туугандарына эмнеси болсо да материал таап, таба албаса провокация жолу менен болсо да таап, камап, жоопко тартуу жөнүндө команда берилиптир. Ушул чын болсо, анда бакиевчилер эч кайда кетпей эле бийликте отурганын далилдешти го? Көрөбүз, көп нерсе жакынкы убактарда эле көрүнөт.

– Президент Алмазбек Шаршенович деле силерге карата күч органдарыбыздан алган оперативдүү маалыматтардын негизинде гана эмоционалдуу пикир айтып жатат да. Эмне, асмандан алды дейсизби андай маалыматтарды? Сиз деле бир эмес, эки килейген структураны жетектеген генерал катары, өлкө башчыларына ушундай оперативдүү маалыматтарды жеткирип турчусуз да…

– Азыркы биздин күч органдарыбызды кимдер жетектеп жатканын көрбөй турасыңарбы? Өмүрү мурда-кийин укук коргоо органдарында иштебеген, тажрыйбасы жок, иштин чоо-жайын билбеген, ойлонбой туруп буйрукту аткарган жаш балдар-кыздар башкарып жатышпайбы? Же калппы? Мындай шартта ушундай жетекчилерибизден эмнени күтсө болот?

– Өмүрү жамаачыланып бүтпөгөн Башмыйзамыбыздын жаракасы менен бийликке каршы көптөгөн саясый күчтөр биригип, октябрь айында чоң нааразычылык Курултайын өткөрүүгө белсенгени турасыздар. Мамлекеттик казынабыз тигинтип какшып турса, бийлик менен оппозициянын ачык каршылашкан коркунучу эмнеге алып келет?

– Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, биз “Атамбаев бийликке келсин, акыйкат, калыс башкаруу системасын орнотсун” деп баарыбыз болгон күчүбүздү жумшаганбыз. Анан эле бийликке келип алып, беш жыл унчукпай отуруп, баары жакшы болуп туруп эле анан өзүнүн мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калганда чукул бурулуш жасап, куйругун баардык тараптан кескенге аракет кылып жатканы, баары “кузгун”, “сасыткы”, жалгыз өзү апакай болуп калганы жеке мен үчүн такыр түшүнүксүз. Бирок тарыхты эч ким чийип сала албайт. Баягы “кандай сот менен бирөөнү соттойм десең, ошол сот менен келечекте өзүң соттолосуң” деген кеп бар эмеспи. Атамбаевдин алдында да тарых, эл соту турат. Андан эч кайда качып кутула албайт, элдин эсинен болгон окуялардын баарын сызып салуу мүмкүн эмес. Бир адамды бардык эле мезгилде алдай берсең болот. А бүткүл элди бардык эле мезгилде алдап, каалагандай саясат жүргүзө берүү – бул алысты көрө албагандык. Азыркы бийлик системасында өзүнүн Максими, Жанышы бар экенин элдин баары билет, көрүп да турат.

– 2010-жылдын кандуу 7-апрель окуяларына бир айга жакын калганда андагы БЭКтин Алмазбек Шаршенович баштаган жетекчилери өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын ал кездеги бийликтен тыш калган бир катар генералдарга жиберип, өздөрүнүн катарына чакырышса барбай коюшканын укканым бар. Алардан айырмаланып, жалгыз сиз ошондогу оппозицияга тартылып, бакиевдерге каршы чыккан экенсиз. Бүгүн да Атамбаевге каршы даап чыга баштадыңыз. Эртеңки күнү башыңызга укурук ыргытылса, даярсызбы?

– 2010-жылдын апрель окуяларынын алдында оппозицияга бакиевдерден коркуп-үркпөй эле барып кошулгам. Ошол мезгилдерде, андан кийин да Алмазбек Атамбаев жеке өзү да мен жөнүндө андагы кадамдарымды баса белгилеп айтып жүрдү. Бүгүн менин коркуп-үркө тургандай эч кандай жүрүшүм жок. Убагында Курманбек Бакиевден коркпогон, эми өзүбүз бийликке алып келген Атамбаевден коркмок белем? Эгер Атамбаевдин колунан келсе, мени эчак эле камамак. Мен УКМКнын төрагалыгынан кеткенден кийин Шамил Атаханов менин ордума келип, артымды тыкыр иликтеп, казганын билем. Ошондо президенттин буйругу менен баскан изимди иликтөөгө алса керек. Эгер менин артымдан бир нерсе табылса, булар эчак эле мага иш козгошуп, камап, жоопко тартып коюшмак. Бирок, биздин да артыбызда элибиз бар…

– Мен билгенден сиз апрель окуяларынан кийин генерал-лейтенанттыкты алдыңыз эле. Эң айла кеткенде сиздин генералдык чиниңизди алып коюшпайбы?

– Мен генерал-лейтенанттыкты 2010-жылдан кийин алганымды танбайм. Бирок аны мага Атамбаев берген эмес. Мен өзүм погондун баркын кетирип, эл алдында уят боло турган иштерди жасаган жокмун. Эгер генералдыкты алуу боюнча сөз козголсо, анда биздин кызматтык жолубузду, тажрыйбабызды, революцияга болгон салымыбызды карап көрүшсүн, адеп кылмыш ишин козгошсун, күнөөлөрүбүздү таап, далилдеп, соттошсун да, колдорунан келишсе чинден ажырата беришсин.

– Убактылуу өкмөт апрель окуяларынын жүрүшүндө уюштуруу иштерине, активисттерге сарпталган акчалардын баарын Алмазбек Шаршеновичтен алып жүргөнүңөрдү да танасыңарбы эми? Ушул бар чындыкты моюнга алгыла да куру дегенде…

– Башкаларды билбейм, жеке өзүм Атамбаевден да, башкасынан да бир тыйын акча алган эмесмин. Мен намыс үчүн, чындык үчүн революцияга катышкам.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ            

Булак: “Азия Ньюс”  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: