Жогорку Кеңеш тарашы мүмкүн деген имиштер арбын айтылып жатышы айрым эл өкүлдөрүн жүрөкзаада кьшып жаткандай. Сыягы парламент тарап кетсе тизмеге кирбей көчөдө каламбы деген коркунуч менен жашагандар көп окшойт. Мындан улам, айрым депутаттар парламентти таратууга негиз жок жана бийликтин туруктуулугун камсыз кылыш үчүн ал мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек дегенди айтып, алдын-ала кооптоно башташты. Маселен, КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев парламент мөөнөтү бүткөнчө иштеши керектигин айтып, Жогорку Кеңешти таратуу тууралуу пикирлер массалык маалымат каражаттарында гана айтылып жатканын, балким кимдир бирөөнүн ошондой ою бардыр дегенди учкай кыйытып, бирок азырынча расмий деңгээлде таратуу боюнча сөз жоктугун кошумчалаган.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ