Хатлон облусунун соту Тажикстан Кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү Шамсиддин Саидовду 15 жылга эркинен ажыратты.
Садиов терроризм жана экстремизмге айыпталып, чет өлкөдө бозгунда жүргөндүктөн сыртынан соттолду.
“Кылмыш ишинде соттолуучунун терроризмге тиешеси бар экени аныкталды. 9 күбө суралды. Кылмыш ишине анын Мухиддин Кабири менен чогуу түшкөн сүрөттөрү тиркелди”, -деди облустук соттун кызматкери Сайфиддин Пирмухаммадзода.
Шамсиддин Саидов соттун өкүмү боюнча пикирин билдире элек. 53 жаштагы саясатчы акыркы убакта чет өлкөдө жашайт.
Укипедиянын тажик версиясына ылайык, Шамсиддин Саидов ислам партиясынын катарына өткөн кылымдын 80-жылдарында кирген. СССР бийлигинен жашырынып иш алып барышкан. 1986-жылы антисоветтик акциялардын биринен кийин Шамсиддин Саидов Сибирге айдалган.
Тажикстандагы жарандык согуш маалында ал Ооганстанга жер которгон. 1993-жылы Тажикстан Кайра жаралуу партиясынын лидери Саид Абдулло Нуринин атайын өкүлү болуп дайындалган. Өлкөдө согуш басылгандан кийин Улуттук элдешүү комиссиясынын курамына кирген. 2000-2010-жылдары диний партиянын эл аралык бөлүмүн жетектеген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ