Акылдуумун дегендердин жарымын эле кеңешчи кылып өзүнүн айланасына топтоп алган Өкмөт башчы Сапар Исаков жаз алды менен кызматтан кетери тууралуу маалыматтар коомчулукта кеңири айтыла баштады. Колунан кыйраткан иш келбегенден кийин кызмат ордун татыктууларга бошотуп берүү да эрдик түшүнгөн кишиге. Кырк кадам таштайм деген мыктыгер, азырынча бир кадамды түзүктөп таштай элек. Экс-президенттин сүймөнчүктүү кадры болсо эле мамлекеттик жогорку кызматтардын биринде отура берүү деле уят го. Алдыда өлкө үчүн жасай турган иштер абдан көп. Убакыт кырк кадам качан ташталат деп күтүп олтурбайт тура.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ