— Мирлан мырза, “Трансформация” кыймылынын жүздөгөн мүчөлөрү Бишкектин четиндеги айыл чарба багыты менен алган жерлерин трансформация кыла алышпай, кышкы ызгаарда бир нече күндөп Акүй алдында митингге чыгышууда. Парламент өкүлдөрү сыртта ызгаарда көк муштум болгон элди кабыл алып, маселесин чечкенге эмнеге дитиңер барбай жатат?
— Биринчиден, Жогорку Кеңеш трансформация боюнча элдин талуу маселесин убагында кабыл алып берген. Бүгүнкү күнү маселе президенттин каршы пикири менен кайтып келген. Учурда мыйзамдын макулдашкан долбоору иштелип чыгууда. Менин маалыматым боюнча бул маселе азыр өкмөттүн кароосунда. Бүгүн сиз айткан сыртта турушкан “Трансформация” кыймылынын өкүлдөрүн Жогорку Кеңештин төрагасынын тапшырмасы менен агрардык саясат комитетинин төрагасы кабыл алды. Менин жеке пикиримде, макулдашкан мыйзам долбоорун кароо тийиштүү комитет тарабынан тездетилет деген үмүттөмүн.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ