Menu

Ашыркул Асанов, ИИМдин Чүй облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы: “Курсан Асановдун Кой-Таштагы иш аракети жана тергөөгө тоскоолдук кылганы туура эмес иш”

Бөлүшүү:

Милицияны деги эле мамлекетибиздин күч тармактарын сыноодон өткөргөн ушул Кой- Таш окуяларында биздин азаматтар өздөрүн татыктуу алып жүрүп, мыйзам чегинде аракет кыла алды деп ойлойбуз.

Элдин арасында жүрүп, Атамбаевди колдоочуларга түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүп, туура аракет кылуунун натыйжасында бекер кан төгүүлөргө жол берлбей, экс президенти кармоо ИИМдин министри пландагандай так жана тез ишке ашкан. Ал эми министрдин мурдагы орун басары Асанов Курсан Сатарович жөнүндө да Чүй облусунун ардагерлеринин пикирин айта кетпесем болбос. Биздин ардагерлер кеўешибиз Кой-Таш окуяларын талдап чыгып, ага баа бергенде көптөгөн ардагерлер Курсан Асановдун Кой-Таштагы иш аракетинде тергєєгө тоскоолдук кылганы туура эмес иш. Биз мыйзам сакчылары болгондон кийин, мыйзамдан четтөө жана тапшырылган иш ордун таштап кетүү биз үчүн жол бергис нерсе экенин эстен чыгарбашыбыз керек. ИИМдин министри Кашкар ДЖунушалиев милициянын кадырын көтөрүш үчүн сөздөн ишке чечкиндүү түрдө өткөнүн иш жүзүндө, өзүнүн жасаган иш аракети менен далилдеп жатат. Эл ичинде айтылып жүргөн: “Милиция милицияны кармабайт, милиция милицияны коргойт” деген эски пикирдин таш талканын чыгарып, Министрдин орун басарынын суралып жатканы, азыр элде “Милицияны да мыйзамды бузса милиция кармайт турбайбы!”- деген ойлор жарала баштады. Курсан Асановдун кылмыштуу аракеттерине мыйзам чегинде баа берилиш керек. Пакеттеги маанилүү деген документтер же баалуу буюмдар тергөөгө берилиш керек болчу. Ал пакетти машинасына салып алып кетиши, акылга сыйбаган көрүнүш. Генералдык чон даражаны да абийир менен сакташ керек эле…Бүгүнкү күндө биздин ардагерлердин бүткүл көңүлү дарыланып жаткан полковник Курманкуловдо. Самат уулубузга өмүр тилеп, кайрадан биздин катарыбызга кошулушун Кудайдан жалынып сурап, чоң үмүт менен жашап жатабыз.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: