Menu

Эмил Токтошев: «9 жарым млн долларга эски жабдыктарды оңдогонго коротсо, эмне үчүн насос иштебей калды?»

Бөлүшүү:

«Кытай мамлекетинен кредит катары алынып келинген 386 млн доллар Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого жумшалдыбы?» деген суроо жообун таппай турат. Парламент жетинчи кабат үчүн керектүү болгон мыйзам долбоорунун бир сүйлөмү туура болбой калыптыр деп кезексиз жыйынга чогулса, -25 градус суукта тоңуп олтурган элди ойлоп кезексиз жыйынга чогулмак түгүл, аварияга баруудан коркуп олтурушту. Көлөкөсүнөн корккон депутаттар шаршемби күнү өкмөттү чакырып алып өздөрүнчө “баатыр” болушту, кыйкырыкты катуу салып. Көпчүлүк жообуна кызыккан «386 млн доллар акча ЖЭБ үчүн коротулганбы?» деген суроого айрым депутаттардын жообун угуп көрдүк.

— Мен отун-энергетика комитетинин мүчөсү болбосом да шаардыктардын абалын көрүп туруп, чыдай албай, комитеттин көчмө жыйыны менен чогуу ЖЭБге барып, жарылып иштен чыккан агрегаттын жанына барып, өз көзүм менен көрүп келдим. ЖЭБдин агрегаттары иштебей калышына ошол жердеги жетекчилер, адистердин баары күнөөлүү деп эсептейм. Кышка даярдануу комплекстен өткөзгөнбү же толук өткөзгөн эмеспи, ал биз үчүн караңгы. ЖЭБ ар кандай суукка туруштук берип, ар дайым даяр болушу керек. Анткени, ЖЭБ стратегиялык обьект болуп эсептелет. Эмне үчүн резервде турган агрегаттар иштеген эмес? Булардын бардыгына жооп бериш керек. Энергохолдингди түзүү менин пикиримде кереги жок болчу. Себеби, бизде эмне көп башкаруучу начальник көп. Энергохолдингди бир эле министрлик кылып койсок, канча жумуш орундар кыскармак. Мага эң жакпаган жаман жери, Энергохолдинг менчик организация болуп саналып калган. Муну Эсеп палатасы текшере албайт. Ушул жерден Энергохолдинг финансылык жактан жоопкерчиликтен чыгып кетти десек болот.

386 млн доллар деген өтө чоң акча. Бул акча кандай жумшалгандыгы тууралуу маалыматтар акырындык менен чыгып жатат. 12 млн 600 миң доллар персоналдарды, механизмдерди ташыганга кеткен экен. 9 жарым млн долларга калган эски жабдыктарды колдоо үчүн колдонуш керек экен. Акча бар болсо, эскилерин оңдогонго коротсо, эмне үчүн насос иштебей калды? Ал жерде өтө курч суроолор пайда болду. Комиссия түзүлүп жатат. Суроолорго жооп алабыз деген ойдомун.

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: