Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Казакстан Республикасынын Алматы шаарында, бүгүн, 2-февралда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты.
Тар чөйрөдөгү кеңешменин жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:
1. ЕАЭБ санариптик күн тартибин ишке ашыруунун жүрүшү жана макулдашылган саясатты жүргүзүү механизмдери тууралуу.
2. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кант рыногунда түзүлгөн кырдаалды талдоо жөнүндө.
3. Авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча органдарды түзүү жаатындагы иштин жүрүшү жөнүндө.
4. Чектеш рыноктордогу атаандаштык эрежесинин бузулушу жөнүндө иш боюнча 2014-жылдын 29-майындагы ЕврАзЭС жөнүндө Келишимдин 76-беренесин бузуу фактысын аныктоо жөнүндө.
5. ЕАЭБдеги идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо жөнүндө келишимге кол коюу жөнүндө.
6. 2017-2018-жылдарга агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдору, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, кыйыр сырье, пахта буласы жана жүн боюнча талаптары жана сунуш баланстары жөнүндө.
7. Өнөр жай тармагындагы мамлекет аралык программаларды иштеп чыгуу, каржылоо жана ишке ашыруу жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө.
8. ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө Келишимди ишке ашырууга байланыштуу маселелер жөнүндө.
9. 2015-жылдын 8-майындагы Жогорку ЕАЭБ Чечимдерин ишке ашыруу жөнүндө.
10. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Евразиялык Экономикалык комиссиянын мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө.
11. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ