Кечээ, 10-апрелде КР Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн 2017-жылдын отчетун угуу учурунда парламенттин депутаты Камчыбек Жолдошбаев өкмөт мүчөлөрүн кескин сынга алды:
“Өкмөттө кокуй министрлер көп… Жолдош Ички иштер министри, Улан Жумабекович, сиздерде көп жаман иштер болуп жатат, калп айтасыңар, эмне үчүн калп айтасыңар? Кыргызда жакшы салт бар, бала төрөлгөндө “балам мыкты болсун” деп сары май менен оозантат, эмне, силер төрөлгөндө калп менен оозантты беле? Андай болбош керек да. Мына, Данияр (Абдыкаров, министрдин орун басары-ред.) олтурат, мени карап атат ит атардай болуп, эмнеге минтип карайсын андай көз менен? Андай карабаш керек да. Сенин эми көптөгөн иштериңер бар, кадрларды коюп жатасыз, аласа-бересени жакшы тактайсыз… Жанагы нерсени Баткенден бери алып келип Бишкекке таратат экенсиңер,.. 40-50 джип алып келип, бажыдан өткөрбөй иш кылат экенсиңер…
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ