Menu

Австралияда жашаган тажик окумуштуусу экстремизмге айыпталууда

Бөлүшүү:

Тажикстан Австралияда жашап жүргөн тажик окумуштуусу Абдусалом Одиназоданы экстремизмге айыптоодо.

Австралиянын Перте шаарындагы университетте сабак берген 50 жаштагы доктор Абдусалом Одиназода Интернет аркылуу конституциялык бийликти күчтөп алмаштырууга жана экстрмисттик ишмердүүлүккө чакырык таштаган деп айыпталууда. Тажик бийлигинин маалыматына караганда, ал эки жылдан бери интернетке экстремисттик мазмундагы видеолорду жарыялап, колдонуучуларды деструктивдүү аракеттерге чакырып келген.

Одиназоданын өзү «Азаттыктын» тажик кызматына берген маегинде чынында эле австралиялык университет анын террорист экендиги тууралуу Тажикстандан бир канча жолу кат алгандыгын ырастады. Ал дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, Австралияда «салафит болууга тыюу салынбай турганын» айтты.

Окумуштуунун социалдык түйүндөрдө жазгандарынын көбү диний темага арналган. Анда ал ачык эле ИМ тобунун жоочуларын колдоп, өз баракчасына экстремисттердин видеолорун жайгаштырып келген.

Одиназоданын айтымында, ал 16 жашынан бери Тажикстандын сыртында жашап келет жана эч качан тажик жараны болгон эмес. Анын бир уул, бир кызы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: