Menu

Дем алыш күндөрү дарыгерлерди атайын унаалар ташыйт

Бөлүшүү:

Медициналык кызматкерлерди алып келүү жана кайра жеткирүү боюнча транспорт уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Дем алыш күндөрү коомдук транспорттор токтогон кезде, медициналык кызматкерлер үчүн транспорт уюштурулат. Бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен иштешип жатат” – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Шаардык мэрия “иш күндөрү коомдук транспорттор белгилүү бир сааттарда гана иштешет, ал эми дем алыш күндөрү такыр токтойт” деген чечим чыгарган. Коомдук транспорттор менен биргеликте таксилерге да дем алыш күндөрү тыюу салынган.

Бишкек шаарынын мэриясы кийинчерээк такси кызматына дем алыш күнү иштөөгө уруксат берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: