Кечээ, 16-октябрь күнү Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Казакстан Республикасынын кайрадан дайындалган Индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министри Бейбут Атамкулов менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министр Ч.Айдарбеков Министр Б.Атамкуловду жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктады жана анын Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри кызматындагы мезгилинде Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук жана кызматташууну бекемдөө ишиндеги зор салымы үчүн ыраазчылык билдирди.
Тараптар Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министрлигинин ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө кирген кыргыз-казакстан кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Ч.Айдарбеков «Кичи-Капка» өткөрмө пунктунун ишин жакынкы арада кайра иштетүү жана «Ак-Жол» Контролдук өткөрмө пунктун реконструкциялоо, ошондой эле жаңы көпүрө куруу жана «Ак-Тилек» Контролдук өткөрмө пунктундагы көпүрөнү жаңылоо кыргыз тарабы үчүн маанилүү экендигин белгиледи.
Б.Атамкулов «Кордай» Контролдук өткөрмө пунктун кыргыз тарабынын «Ак-Жол» Контролдук пунктун реконструкциялоосу менен синхрондук түрдө 2019-жылдын аягына чейин реконструкциялоого даярдыгы жөнүндө билдирди.
Бул контекстте мамлекеттик чек аранын аталган тилкесинде оңдоо иштеринин пландаштырылган графигинин мөөнөттөрү жөнүндө өз жарандарын жана жүк ташуучуларды кошумча маалымдоо жөнүндө макулдашуу жетишилди.
Ошондой эле казакстан тарабы ушул жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Мажилисинин «Токмок» жана «Кен-Булун» Контролдук өткөрмө пунттарынын эки тараптуудан көп тараптуу статусуна өзгөртүүсү каралган Протоколду жактыргандыгын маалымдады.
Тараптар Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министри Б.Атамкуловдун Кыргыз Республикасына жакынкы арада сапарын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ