Түркмөнстандын чыгыш аймактары президент Бердымухамедов келет деп бир айдан бери даярданышууда. Буга чейин “Азаттыктын” түркмөн кызматы Лебап облусунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кабарлаган.
Жергиликтүү соода жайлары жана мергенчилик курал алып жүргөндөр текшерилүүдө. Жергиликтүү бийлик борбордук көчөлөрдү иретке келтирип, ремонт иштерин жүргүзүүдө. Президенттик кортеж өтө турган жолдордун боюндагы үйлөрдүн тышын ак, чатырларын жашыл түскө боёшууда.
Маалыматтарга караганда, президент Түркмөнабад шаарында жаңы аэропорттун ачылыш аземине катышат.
Жергиликтүү бийлик жарандарды ашыкча сөз сүйлөбөөгө, тышкы келбеттерине кам көрүүгө үндөөдө. Түркмөн президентин тосууга катыша тургандар негизинен ак кийим кийиши керек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ