2018-жылдын 4-мартынан 8-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
5-7-мартта Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
5-мартта түнкүсүн бир аз жаан жаашы күтүлөт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт. 5-мартта күндүз жана 6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. 7-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с
5-7-мартта Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы
5-6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. 7-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу
5-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман тушүшү күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.
6-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. 7-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 8-9-мартта айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ