Менин бир Анарбек деген досум бар. Ал машина албаса деле алтынчы анан дем алыш күнү убакытын коротуп машина базарда жүрөт. Деги ал машина дегенде ичкен ашын жерге коё салат. Андан дагы кайсы машина канчага сатылат бир көрүп эле билип койгон адаты бар.
Бул күнү алыстан жээни машина алам деп келгенинен базарда машина издеп жүрүшкөн болучу. Эмнегедир эле түрк улутундагы бир жигиттин “хонда” маркасындагы машинасы көңүлгө жагып калды. Баасы дагы арзан экен. Бирок эмне болгон күндө дагы арзан машинанын бир жаман сапаты болорун ким билбейт. Анарбек эмнегедир тиги машинаны кызыга караганы менен көзүнө бир жаман нерсе элестеп туруп алды. Бирок ал эмне экенине акылы деле жеткен жок. Тиги түрк бала эптеп машинаны сатууну ойлоп тили-тилине тийбей мактап кирди. Ооба, мактоо сөздүн дагы өзүнүн орду болбой койбойт. Анарбек далай жолу машина сатып алып, саткандык кылып машинанын салонуна олтуруп, рулду кармап, тиги баладан сурап койду:
-Бере турган жериң канча?- деп. Түрк бала кара күчкө:
– Байке үч жарым миң доллар деп жатам, дагы сүйлөшөбүз-деди. Көрүнүшү жакшы, мындай машиналардын баасы башка жакта беш миңден түшпөй турат. Эмнеге арзан деп ойлоп машинанын ичиндеги күзгүсүнөн артын караса тишин ырсайтып турган кемпирди көрө коюп өңү купкуу болуп кетти да, машинадан түшкөнчө шашты. Тиги жээни машинага кызыгып ала тургандай болуп көңүлдөнүп алган эле. Андан дагы бир караган кишиге тим эле машина ушунчалык көзгө жакшы көрүнүп, чекчейет десең.
Анарбек машинанын жанына кеткенче шашып, эч сөзгө келбей жээнин колунан алып:
-Бас кеттик, бул машина мага жакпай калды деп, нары басканда тиги түрк бир топ жерге чейин ээрчип келип калып калды. Ошондо гана Анарбек машинанын ичинен көргөн кемпир жөнүндө айтып берип “машинанын ээси бар тура” деп кыска гана айтып, биринчи жолу ушундай окуяга күбө болгон Анарбек жээнине эскертти:
-Машина аларда бир гана сыртына эмес ичине да караш керек экен деп башка сөз айта албай туруп калды. Ошондон кийин Анарбек досум ар нерсенин ээси болоруна ишенип калыптыр. Ооба, машина деген дөөтү. Аны сыйлаганды дагы билиш керек.
Бердикожо Бийназаров
Булак: Шамбала гезити
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ