Кандай болгон күндө да Фарид Ниязовдун саясатта өз орду бар. Акыркы жылдарда ал жалаң президенттердин авангарддык иштерине өзүнүн салмактуу салымын кошуп келгендигин ким тана алмакчы? Кызматтан чегинген Алмазбек Атамбаев деле бул кишинин жакшы сапаттарын манжаларын жумуп санап бере алат. Азыркы ажобуз Сооронбай Жээнбеков дагын Фариддин оң белгилерин маалымат каражаттарынын үлкөн өкүлдөрү менен болгон пресс-конференцияда жашырбай ачыктады. Ошентсе да коомчулукка билинип калган соң кайра тактысына отурууга Ниязовдун дити барган жок. Анткени менен шайлоо мезгилинде ак дилинен кызматын чегергенин коомчулук баамдады.
Эми Фарид мырза мурда жыты сиңишип калган шефи менен бирдикте КСДПнын фундаментин ого бетер бекемдөөгө бүткүл күчүн жумшайт. Албетте, анын кайрымжысы кайтпай койбойт. Дагы далай орчундуу идеяларды жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан алакан чаап бүттү, Фариддин ишпалдасы чыкты дегендер чоң жаңылышат. Кыргызстан парламенттик өлкөгө умтулуп бараткан соң партиялык иштердин али чекеси оюла элек. Ошондой татаал маселелерди мындан кийин А.Атамбаев, Ф.Ниязов, А.Үсөновдор биргелешип ийге келтиришет. Демек, күрөштүн күргүштөгөн добушу апрелден кийин дүңгүрөп айланага таасирин берет. Божомол ушундай бурадар!
Булак: Ачык сөз
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ