Menu

Улуттук курултай «Ата Мекендин» курултайына айландыбы?

Бөлүшүү:

Ошентип  Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу референдум өткөрүүгө  каршы болуп келатышкандар  курултайын өткөрүштү. Ачыгын айталы, аталышы эле улуттук болбосо, маңызы, мазмуну «Ата Мекен» партиясынын курултайын элестетти. Бул аша чапкандык эмес. Буга иш-чарага катышкан ким болбосун ынанбай кое алмак эмес. Анткени анда дээрлик Текебаев, Шыкмаматов, Салянова сыяктуу «атамекенчилер» «жалындуу» сөздөрүн сүйлөшсө, келгендердин дээрлик көпчүлүгү партиядагы «атамекенчилер», анан мурда-кийин кызматтарда жүрүп, учурда кызматка суусап жүргөндөр болушту…

Адатта курултайда маселенин күңгөй-тескейи каралып, каалоочуларга сөз берилип плюрализм орун алса, «Референдумга жол жок!» курултайында бир беткейлик орун алды. Негизинен «атамекенчилер» сүйлөп, баштан-аяк учурдагы бийликти сындап, Конституцияны өзгөртүү демилгесин элге каршы жасалган иш катары баалашты. Сүйлөнгөн сөздөрдүн өзөгү «бизге 3-революция керек» деген нерсеге  барып такалып жатты. Конституцияга өзгөртүү киргизүү  боюнча өздөрүнүн калыс, адилеттүү пикирин айткысы келгендерге сөз берилген жок. Ал эми оппозициясын да, позициясын да колдобой, жаран катары өз чындыгын айткысы келген  коомдук ишмер Назарбек Нышанов көктүгүнө салып жатып сөз  алса, анын айткандары жакпай, микрофонун өчүрүп, өзүн залдан күчтөп чыгарып салышты.

Айтор иш-чаранын уюштуруучулары өз максаттарына (эгерде бийликти болушунча сындап, элге мокочо көрсөтүүнү көздөшсө) жетишкен болсо,  келгендердин арасында иш-чаранын бир жактуу өткөнүнө баш чайкашып, нааразы болгондор көп болду.  Алардын айрымдарын сөзгө тартып, иш-чара боюнча ойлорун билдик.

Баргыбаева Жыпаргүл, «Ала-Тоо айымдары» коомдук фондунун төрайымы:

– Булар эмне эле чычалап, жаңы Конституцияны кабыл алгылары жок түшүнбөйм. Анткени  баш мыйзамдын жаңы редакциясында  эгерде президент кызматтан кете турган болсо, анын ордуна убактылуу милдетти аткарууга келген  адам шайлоого катыша албай турган нормалар киргизилиптир. Бул эң туура да. Муну менен  шайлоодо административдик ресурстардын пайдаланылуусу жокко чыгарылууда. Азыркы Конституцияда андай эмес, административдик машинаны  пайдаланууга жол ачылган. Мен бир нерсени байкадым, бүгүнкү курултайдын катышуучулары Конституцияны уруп ойношпойт экен. Алар бир гана нерсени – бийликке келүүнү гана көздөшүүдө. Бийлик талашып жатышат. Референдум шылтоого шыноо гана окшойт

Бердалиева Сапаргүл, «Кыргыз журтум» коомдук фондунун төрайымы:

– Мен атайын Ош шаарынан келдим эле. Улуттук курултай дегенден кийин сөзгө жазылган делегаттарга сөз бериш керек болчу да. Биз өткөн жылы эле референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизип, анын негизинде өлүм жазасын киргизүү демилгесин көтөргөнбүз. Анткени  Кыргызстанга өлүм жазасын киргизбесе, жаш балдарга карата  зордук-зомбулук, педофилдик көрүнүштөр  күчөп кетти. Ошондуктан баш мыйзамды өзгөртүү үчүн  референдум керектигин айтып  сөз сүйлөйлү дегенбиз. Бирок бүгүн оппозицияны  гана колдоп сүйлөгөндөргө сөз берилди. Бизге окшогон жөнөкөй жарандарды сүйлөткөн жок. Жеке мен үчүн  бүгүн курултай болгон жок. Жөн гана оппозициячыл саясатчылардын, күчтөрдүн бийликке каршы багытталган  саясий иш-чарасы болду.

Нышанов Назарбек, Кыргызстандын патриоттук партиясынын башкы катчысы:

– Мен азыркы Конституцияны өзгөртүүгө каршы болуп жаткандардын анык жүзүн, бет пардасын сыйрып, калыс, адилеттүү пикиримди айтайын деген болчум. Сөзгө жазылганыма карабай, жарым мүнөт да сөз бербей коюшту. Сөз беришпесе анда эмнеге жазышат? Ошондуктан биз 15-октябрда «Кожомкул» атындагы спорт ордосунда курултай өткөрөбүз. Анда бүгүнкүдөй  дүжүрлөрдү сүйлөтүп бир беткейликке жол бербейбиз. Аймактардан келген жарандарды сүйлөтүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча бардык каалагандарга өздөрүнүн ой-пикирлерин айтып, сунуштарын берүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөбүз. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын бүгүнүнө, эртеңине кайдигер карабаган бардык жарандардын 15-октябрдагы курултайга чакырып кетем.

Өмүракунов Мамбетөмүр, Жалал-Абад шаарынын тургуну:

– Бул иш-чараны курултай катары кабыл албадым. Жалаң эле Текебаев баштаган «атамекенчилер» сүйлөштү. Курултайда элдин сөзү айтылып, элдин үнү жаңырышы керек да. Мында жалаң эле саясат, Конституция, референдум, азыркы бийликти каралоо, шыбоо болду. Жарандык  коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар сүйлөштү. Тилекке каршы, ошолордун бирөөсү да кыргыз элине каршы кылмыш кылып, анан Варшавада туруп алып бүткүл кыргыздарга акаарат келтирген Кадыржан Батыров тууралуу сөз айтканга жарашкан жок. Ал эми Нурбек Токтакуновго эмнеге сөз берилет? Ал кыргыздарга каршы өзбектерди тукуруп, адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун таламын талашып, аны боштондукка чыгарууну талап кылып буту-бутуна тийбей чуркап жүрбөйбү!

Айтбүбү Акматова, «Ала-Тоо айымдары» коомдук фондунун мүчөсү:

– Тилекке каршы, элдик курултай болгон жок. Каалоочуларга сөз берилбеди.  Биз жөн эле оппозициялык саясатчылардын, бийликти эңсеген адамдардын шоусуна эле күбө болдук.  Алар Конституцияга каршы экендиктерин айтышып элдин атынан сүйлөшүүдө. Бирок алардын элдин атынан сүйлөгөнгө укуктары жок. Биз менен эсептешпесе, сөз беришпесе, анан элдин атынан сүйлөгөнгө кандай акылары бар?

Конституция жөнүндө айтсам, Текебаев өзү жазган баш мыйзамды коргоп, жактап жатат. Тилекке каршы, ал Конституцияны кыргыздын зыянына иштей тургандай кылып жазып коюптур. Баш мыйзамдагы 6, 42-беренелерин өзгөртпөсөк анда Кадыржан Батыров, Азимжан Аскаровго окшогон сепаратисттер сыртта туруп алып каалаганын сүйлөп, кыргыздарга акаарат келтирип, бир күнү келип алып дагы улуттар аралык араздашууларды уюштурушу мүмкүн. Кандай ойлойсуңар, Кадыржан Батыров, Азимжан Аскаровдордун жоопко тартылбай, тиешелүү жазаларын албай жүрө берүүсүн  кыргыз эли колдойбу? Албетте жок. Бирок бүгүнкү каршы болуп жаткандар Конституция маселесин  бийлик үчүн күрөшүүгө курал катары пайдалануу менен аныгында  сепаратисттердин таламын талашып, алардын чырактарына май тамызып  жатпайбы!

Булак: Фабула 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: