Гезитибиздин өткөн санында президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиевди президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевге берилген ыңгайсыз суроолордун биринде кеткен эле. Алмамбет Салиевди жакындан билген адамдар редакцияга келип, ал андай таза эмес иштерге аралашпаганын, колунан келишинче так иштегенге аракет кылган колу таза кадр экенин далилдүү фактылар менен айтып беришти. А.Салиевди Президент Сооронбай Жээнбеков көп жылдардан бери иш билги, баскан изи, өмүр баяны таза кадр катары алып жүргөнүнө ынандык. Алмамбет Салиевдин ишине ийгилик гана каалап кетебиз.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ