Menu

Трамп демократтар анын саясий багытын күч менен өзгөрткүсү келет деп эсептейт

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп эгер демократтар ноябрдагы аралык шайлоодо жеңишке жетишишсе, анын саясий багытын “күч” менен үзгүлтүккө учуратышат деп эсептейт. Бул тууралуу ал евангелисттер лидерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Трамптын пикиринде, “сол” флангдан коркунуч келүүдө. Ал алдыдагы шайлоону сөз эркиндиги жана дин боюнча “референдум” деп атады. Акүйдүн башчысы христиан топтору “баарын жоготуп албоо үчүн” республикачыларга добуш бериши керектигин айтты. Америкалык лидер евангелисттерге кайрылып, миллиондогон шайлоочуларга таасир берүүгө чакырды.

Өткөн аптада Трамп Шарлоттсвиллдеги митингде улутчул киши “солчул” демонстрантты өлтүргөндөн кийин “солчул топторду” сынга алган. Анда ал эки тарапты тең кыйноолорго айыптаган.

Учурда республикачылар Конгресстин эки палатасын тең көзөмөлдөйт. Бирок бул кырдаал күздөгү шайлоодо өзгөрүшү мүмкүн. Эки партия тең Өкүлчүлүк палатасындагы 435, андан тышкары Сенаттагы 100 орундун 33ү үчүн күч сынашат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: