Атамбаев өлкөдөгү номур биринчи коррупционер деп санаган “Раим миллион” өзүнүн кызматтан алынуусу мыйзамсыз болгонун далилдөө үчүн сотко кайрылганы маалым болгон. Раим Маматраимов Сапар Исаковду сотко бергенин кээ бирлер туура кадам катары баалашса, айрым байкоочулар катачылык кетирди дешүүдө. Коомдук пикир бир заматта эле тарап алмаштырарын унутпасак. Бүгүн Атамбаевдин же ошол эле Исаковдун камалышын талап кылгандар эртең аларга боор тартып калышаары мүмкүн. “Раим миллион” Сапар Исаковду гана эмес, өзүн коррупционер деп санаган Атамбаевди кадыр-баркыма шек келтирди деп миллиондогон доо менен сотко берсе да туура болмок. Атамбаев деле журналисттерди миллиондогон доого жыгып жүрбөдү беле.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ