Шавкат Мирзиёев Вашингтондо 15-17-майларда Дональд Трамптын чакыруусу менен конок болушу жарыяланды. Жакында эле ал жакка Нурсултан Назарбаев барып келип, Каспий деңизиндеги эки портун АКШ аскер жүктөрүн жүргүзүүгө уруксат берди. Өзбек коңшулар дагы Афганистандагы АКШ аскер операциясына жардамдашып, армиясын бекемдеп, жүз миллиондоп жардам алгандары белгилүү. «Хаммер» типтеги бронетранспортер алгандарын кантип унутабыз? Биз болсо Атамбаевдин учурунда АКШ менен кызматташуубузду толугу менен токтотуп койгонбуз. «Манас» аэропортунан эле жылына 120 миллион доллар киреше түшүп турчу, миңдеген мекендештерибиз иштечү. Сапар Исаков болсо жылыга 60-70 миллион доллар жардам көрсөтүлчү ЮСАИД келишиминен дагы бир тараптуу баш тарткан. Айтоор, жаңы бийлигибиз кыргыздын түпкү улуттук кызыкчылыгын эске алып, эл аралык мамилелерибизди оңдоп, достук карым-катнаштарыбызды калыбына келтирүү максатын көздөсө экен.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ