17-май күнү КР Жогорку Кеңешинде Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу бийликтин коррупциялык схемаларын чубап чыккан депутаттык комиссиянын корутундусун парламенттин токтому менен бекитүү учурунда депутат Исхак Масалиев бул коррупциялык иштерге экс-президент Алмаз Атамбаевдин да тиешеси бар экени ачыкталганын белгилеп, токтомго экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу механизмин иштеп чыгууну өзүнчө бир пункт катары киргизүүнү сунуштады. Бул сунушка ал күнү катталган 112 депутаттын 87си “макул”, 14ү “каршы” деп добуш беришкен. Ошол эле учурда жыйынга катышып олтурган айрым бир өздөрүн ашкере прогрессивдүү көрсөткүсү келип буга чейин жанталашып келген депутаттар чечүүчү учурда “аташкасына” каршы добуш беришпей коюшкан. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, КСДП фракциясынын көпчүлүк депутаттары Атамбаев алардын “аташкасы” экенине карабай коррупцияга каршы күрөштө принципиалдуу болушуп, экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу механизмин иштеп чыгууга “макул” болуп добуш беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ