Алмаз Атамбаевдин бир кездеги шоопуру, кийин саясаттагы расмий кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Сауд Арабиясынан кийин түз эле Америкага, Нью-Йорктогу үйүнө учуп кеткендиги айтылууда. Азыр Нью-Йорктогу үйүндө, ал жерде мектепте окуган кыздарынын бешенесинде, үй бүлөсү менен тынч эле оокат кылып жатыптыр. Аңгыча социалдык тармактарда Икрамжан Илмияновдун кыздарынын бири Нью-Йорктогу мектебинде бийлеген бийиннин видеотасмасын жарыялагандыгы талкууга түштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ