Бүгүн, 5-июнда УКМКдагы сурактан кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев КСДПнын төрагасынын орун басары, экс-премьер-министр Сапар Исаковду Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө аяктаганга чейин камакка алды.
УКМК 2013-жылы Сапар Исаков президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматында туруп, кызмат абалынан пайдаланып, кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргоп, аны 386 млн доллардык долбоорду аткарууга сүйрөп өткөргөн деп айыптап, быйыл май айында айыбын угузган эле. Ага ылайык Сапар Исаковго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.
Бүгүнкү соттун чечими боюнча Сапар Исаков тергөө бүткөнчө УКМКнын тергөө абагында кармалат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ