Нарын облусунун Ат-Башы райондук ооруканасына 16 адам кутурма оорусунан шек санап кайрылышкан. Алардын баары кутурмага каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралу Турмуш басылмасы билдирет.
Райондун Казыбек айылынын айтылуу Арпа жайлоосундагы малына кутурма менен ооруган карышкыр тиш салган. Эми ал малды союуга катышкан адамдардын баары райондук ооруканадан дарылоодон өтүшүп, 37 жаштагы Ж.К. азыр ооруканада жатат.
Ал эми жергиликтүү бийлик кутурма оорусу жугушу мүмкүн делген бардык мал-жандыктарды союп, жерге көмүү иштерин баштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ