Экс-министр Осмонбек Артыкбаев абакка отургузулуп, мурдагы орун басары Айбек Калиев менен бир нече жолу көзмө-көз жолуккандан кийин депутаттын чыкпаган жеринен тер чыга баштаган экен. Бишкек ЖЭБди модернизациялоо, бул ишке кытайлык ТВЕАны катыштыруу сыяктуу маанилүү документтерде ошол кездеги министрдин колу бажырайып турганын «бул кимдин колу?» деп эки чиновникке көрсөтүшкөн экен, Артыкбаевдин алласы оозунан түшүптүр. Ошентип А.Калиев реконструкциянын долбоору түзүлгөндө да, Кытай тарап берүүчү кредиттин суммасын жана шарттарын ары-бери чайкашканда да, акыры келип келишимге кол коюлганда да «айдап кел, байлап кел» милдетиндеги орун басар гана болуп жүргөн экен. «Неман» деген жайнаган дарыканалары, «Глобус» деген соода түйүндөрү жок жылаңач баатыр Калиев тергөөнүн ушинтип калыс жүрөрүнө, соттун кара кылды как жарган адилет чечим чыгарарына үмүт артат. Элдин күткөнү да ушул – накта коррупционер түлкүлөр жегенин кусуп, жазасын алышсын. Жалган көрсөтмө, далилсиз фактылар менен камалгандар бошотулсун.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ