“Өлкө Бакиевдердин мезгилине кайтуу алдында турат. Бизди оор мезгил күтүп турат жана 80 депутаттын аркасы менен биз артка чегинип жатабыз”, – деди депутат Дастан Бекешев.
Ал ушундай жол менен 2010-жылы 7-апрелде каза болгон жана авторитардык өкмөткө каршы чыккан 80ден ашуун жарандын өлүмү “чийилген” деп эсептейт.
“Биз кайрадан авторитаризмге кайтып келебиз. Президенттин администрациясында ошол эле Бакиевдин юристтери Конституциянын долбоорун жазып жатышат”, – деди Бекешев.
Бирок моюн сунбашыбыз керек. Болбосо, биз өлкө катары кайрадан орто кылымдарга түшүп калабыз.
Эл өкүлү Конституциянын жаңы долбооруна каршы үгүт иштерин жүргүзө турган “каршы” топ түзүү сунушу менен чыгат.
“Мен бардык жигердүү жарандарды азыр биригүүгө чакырам жана конструктивдүү күчтөрдүн башын бириктирүү үчүн бардыгын жасайм. Ошондой эле, “каршы” топтун катарына юристтер, илимпоздор, активисттер кирет деп ишенем” – деди ал.
“Бизге коркуунун кереги жок. Азырынча бардыгын өз колубузга алууга мүмкүнчүлүк бар. Биз бириге баштадык. Өлкө үчүн жана келечектеги адамдар үчүн”, – деди Бекешев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ