Menu

Казакстанда Улуттук гвардиянын жоокери «өзүн-өзү атып» каза болду

Бөлүшүү:

Казакстанда Улуттук гвардиянын жоокери өзүн-өзү атып каза болду. Бул тууралуу мекеменин «Түндүк» аймактык командачылыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя шаршембиге оогон түнү Алматы облусунун Узынагаш айылына жакын жердеги №28237 аскер бөлүгүндө болгон.

«23-январда болжол менен түнкү саат 1:35терде ички күзөттө турган катардагы жоокер Уласбек Кожан башына ок атып, алган жаратынан каза болгон», — деп жазылган мекеменин расмий билдирүүсүндө. Анда Кожан аскерге былтыр июнда Астана шаарынын коргоо иштери боюнча департаменти тарабынан чакырылганы белгиленген.

Аймактык командачылыктын басма сөз кызматы Алматынын аскердик-тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери башталганын билдирди. «Учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Окуянын чоо-жайы такталууда», — деп жазылган билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: