Menu

ИИМ: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен жасалма авиабилеттерди сатууга катыштыгы бар жаран аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы  Өкүлчүлүгүнүн  катышуусу менен жасалма авиабилеттерди сатууга катыштыгы бар жаран аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жакында жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандын жарандары Москвада жасалма авиабилеттерди сатып жатышкандыгы маалымдалган. Бир нече кыргызстандыктар Москва-Бишкек рейси боюнча уча албай калышкан.
Буга мекендештери саткан жасалма авиабилеттер себеп болгон. Жогорудагы кылмыш ишинин бетин ачууга жана кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартууга багытталган жүргүзүлгөн иштер боюнча толук маалымат берүү
максатында төмөнкүлөрдү билдиребиз:

2018-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө жаңы жыл алдында Москва-Бишкек, Москва-Ош каттамы аркылуу учкан авиарейсинен аларды түшүрүп койгондугу боюнча нааразычылык менен кайрылышкан. Билеттерди текшерүү учурунда алар жасалма   болуп чыккан. Алдамчылык иш-аракеттеринен жабыркагандардын саны 20 адамдан ашкан.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди жасашкан жактарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жагдайды тактоо
учурунда жабырлануучулар Москва-Бишкек-Москва, Москва-Ош-Москва каттамдары боюнча авиабилеттерди Москва шаарынын Большая Ордынка көчөсүндө жайгашкан имараттагы  “Рустам” аттуу жигиттен алышкандыгы, билеттерди саткандан кийин изин жашырып кеткендиги маалым болгон.Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү
жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө билеттерди сатып алдамчылык менен алектенген шектүнүн өздүгү такталып, ал Кыргыз Республикасынын жараны, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 1995-жылы туулган Р.Р. аттуу жошоочусу болуп чыккан. Аныкталгандай, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2018-жылдын сентябрь айында  авиабилеттерди сатуу боюнча компаниянын
жумушчусу болуп иштей баштаган. Болжолдуу маалымат боюнча ал жумуш учурунда жасалма авиабилеттерди жасап берип, маалымат топтомуна киргизбей, авиабилеттерден түшкөн 700 000 рубльдан ашык акча каражатын ээлеп алган.

2018-жылдын 30-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылуулары боюнча арыздарын каттоо үчүн коштоп жүрүшкөн.

Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча бөлүмгө жалпысынан жасалма авиабилеттерди сатууга байланышкан алдамчылык иш-аракети фактысы менен 23 арыз  катталган. Жогорудагы факты боюнча Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 2,3-бөлүмдөрү (өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган жактын алдамчылык
жасоосу) менен кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча бөлүмдүн кызматкерлери жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Р.Р. аттуунун кайда жүргөндүгү аныкталып,  2019-жылдын 21-январь күнү Москва облусунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча бөлүмү тарабынан авиабилеттерди сатуу боюнча компаниянын жумушчуларынын колунан
жабыр тарткан жабырлануучулардын жана ушул кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгү такталууда.

Ушул сыяктуу кылмыш ишин алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Жогорудагыдай жагымсыз окуяларга кабылып калбаш үчүн сак болуп, авиакассалардан кассалык чектерди талап кылыңыздар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: