Menu

Чүйдө изделип жаткан 11 жаштагы бала Сузак районунан табылды. Ал атасын сагынып кетип калган

Бөлүшүү:

Сузак милициясы Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы өспүрүмдү ата-энесине өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-ноябрь күнү Бишкек шаарынан Ош шаарына келе жаткан айдоочу Ош облусунун 27 жаштагы тургуну Б.З. тарабынан жашаган жери жана ата-энеси белгисиз 11 жаштагы И. аттуу өспүрүм бала адашып калгандыгын жана ага жардам көрсөтүү үчүн суранып, аны Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө калтырып кеткен.

Бул жаш өспүрүм боюнча Сузак РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, ал Чүй областынын Москва районунун тургуну 2009-жылы туулган Ж.И.М. экендиги жана ал 2020-жылдын 27-ноябрь күнү болжол менен саат 13.30дар чамасында үйүнөн чыгып ошол боюнча кайтып келбегендигине байланыштуу, Чүй ОИИБдин Москва РИИБне “Дайынсыз жоголуу” фактысы менен катталып, РИИБи тарабынан изделип жаткандыгы, жашы жете элек И.Ж.нын атасы учурда Ош шаарында жашап жаткандыктан атасын сагынып, Ош шаарына баруу максатында үйүнөн чыгып кеткендиги аныкталган.

Ал эми 29-ноябрь күнү жаш өспүрүмдүн апасы Д.А. Сузак РИИБне чакырылып, уулу И.Ж. колундагы тиешелүү буюмдары менен өткөрүлүп берилген.

Жаш өспүрүмдүн апасы өз учурунда милиция кызматкерлерине жасаган жумуштары үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: