Menu

Улан Примов журналисттердин маянасын “жеп” алдыбы?

Бөлүшүү:

Ачылганына 3 айдан ашса да мурда кесиптик жагынан такшалып, журналистикада тажрыйбасы бар кызматкерлерден куралган Прайм ТВ деген канал бар. Анын кожоюну Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов. Улан мырза “Ош Пирим” деп аталган телеканалды жаңыча кылып өзгөртүп, Бишкекке көчүрүп келип ПраймТВ деп атаган. Чабал өрдөк эрте учабы, айтор, алгач баштаганда басыгы катуу чыккан каналдын жетекчилигине Мариф Парпиназаров жана мурда КТРКда иштеп, кийин Темир Сариев премьер-министр кезинде басма сөз катчысы кызматын аркалаган Назира Ахмедованы алып келген. Ишти шаң менен баштаган кесиптештерибиздин арадан айлар өтпөй эми минтип маанайлары чөгүп турган кезеңи. Себеби барып-келип эле баягы башта айтып убадалаган айлык акыларын жана гонорарларын ой-келди кыркышып, ал тургай каналды борбордо түптөөгө таңдан тартып каш карайгыча эмгектенип суй жыгылышкан кесиптештердин эмгегин татыктуу баалабай, сол чөнтөккө солошкон жорук бул жакта да орун алган шекилдүү. Улан мырза, тележурналистиканы жакшы түшүнбөйсүзбү? Же канал иштетүү да көмүр кенин кара терге түшүп казган эмгекке барабар экенин этибар албайсызбы!? Сөздүн кыскасы, эмгек акыларын жарым-жартылай төлөп, ал гана эмес айрым бирлерине айлыкты толук бербей койгон көрүнүш жакшы эмес го! ? Бул боюнча өзүнчө иликтөө жүргүзүп, гезитибиздин кийинки санына чыгарабыз.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: